• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Германияда карнавалга чогулгандары машине сүзүп кетти

25 Бирдин айы 2020 10:06 Бишкек Govori.TV

Германиянын Фолькмарзен шаарында уюштурулган карнавалга чогулгандарды машине сүзүп кетти. Күбөлөр курмандык жок экенин, бирок 30дан кем эмес киши жабыркаганын, жетөө оор жаракат алганын билдиришти. Алардын арасында балдар да бар.

Полиция “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу камалганын кабарлады. Ал 29 жаштагы Германия жараны экени белгилүү болду. Азырынча ал бул ишке атайлап барганы же кокустан болгон кырсык экени белгисиз. Жергиликтүү басылмалар күбөлөрдүн сөздөрүнө таянып, “айдоочу көпчүлүктү көздөй газды атайлап басканын” жазышты.

2016-жылы декабрда Берлинде Рождествого карата уюштурулган базарга жакын жерде жүк ташуучу унаа чогулган кишилерди сүзүп кеткен. Анда 12 киши өлүп, 48и жаракат алган. Бийлик бул окуяны дароо теракт катары мүнөздөгөн. Айдоочу “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жактаган тунистик жаран экени аныкталган.

2017-жылы Рождество жарманкеси учурунда ушундай эле окуя Стокгольмдо да болгон.

Количество просмотров: 149