• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Германияда тажикстандык 5 жаран соттолду

2 Кулжа 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Германияда Тажикстандын беш жараны “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна мүчө болгону үчүн абакка кесилди. Соттун өкүмү 31-майда Дюсселдорф шаарында чыкты. Ага ылайык, бешөө үч жылдан тогуз жарым жылга чейин эркинен ажыратылганын “Озоди” радиосу жазды.

Тергөөчүлөр тажик жарандар 2017-жылы Стокгольмдо терактты, 2020-жылы Венада 4 кишини өлтүрүүнү уюштурган топ менен байланышта болгон деп эсептешет.

Сотто алар “экстремисттик идеялардын таасири астында” террордук уюмдун атынан кол салууга касам ичкени айтылды.

Буга чейин соттолгондордун биринин атасы уулу Германиядан Дүйшөмбүгө машинелердин тетиктерин салып, ишкердик менен алектенгенин айтып берген.

Тажикстандын расмий органдары билдиргендей, 2013-жылдан бери 2 миңден көп жаран “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулуу үчүн Сирия менен Иракка жөнөгөн. Жүздөгөн адам каза тапкан жана жарадар болгон, айрымдары кайтып келген. Өз ыктыяры менен кайткандар мунапыска туш болуп, башкалары узак мөөнөткө түрмөгө кесилген.

Количество просмотров: 144