Германияда өтүп жаткан ITB Berlin 2024 дүйнөлүк ири туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган көргөзмө 8-мартка чейин уланат.
Кыргызстандан Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, Кыргыз туроператорлор ассоциациясы, 16 туроператор жана төрт дестинация катышып жатат, алар: Талас, Каракол, Ысык-Көлдүн түштүк жээги жана Нарын дестинациялары.
Улуттук павильонду ачуу аземине Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмурбек Текебаев, КР Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти Максат Усубалиев, Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев, Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти Салтанат Мидин кызы, аткаруучу директору Нурбек Сапаров жана GIZ`дин өкүлү Бурул Султанова катышты.