Германиядагы Гейдельберг университетинде ок атылып, бир киши каза болду, дагы үчөө жаракат алды. Ок чыгарган медициналык факультеттин студенти кийин өзүн-өзү атып таштады. Бул тууралуу Мангейм шаарынын полициясы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча анын саясий же диний мотиви болгон эмес. Кылмышкерде бир нече курал болгон, ал жалгыз чабуул жасаган.
Полиция жарандарды окуя болгон жерди айланып өтүүгө, тез жардам унаалары менен куткаруучуларга тоскоолдук жаратпоого чакырды.
Гейдельберг университети — Германиянын туштүк-батышындагы эски окуу жайлардын бири. Ал Times Higher Education улуттук рейтингинде бул университет 42 орунда турат.
#Heidelberg — Großeinsatz #Neuenheimer Feld: Das ist bisher bekannt: Ein Einzeltäter verletzte mehrere Personen in einem Hörsaal mit einer Langwaffe.
— Polizei Mannheim (@PolizeiMannheim) January 24, 2022
Der Täter selbst ist tot.
Kollegen sind weiterhin mit starken Kräften vor Ort — wir informieren hier weiter! https://t.co/aovlQc99tl