• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Гимндин тексти менен музыкасына сынак жарыяланат

7 Бирдин айы 202514:31 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына сынак жарыялайт. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев гимнди өзгөртүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отурумунда билдирген.

Маалым болгондой, гимндин текстин жана музыкасынын долбоорун иштеп чыгуу июнь айына чейин созулат. 

Кошумчалангандай, мыкты долбоорлорго 250 миң сомдон 1 млн 500 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Бул демилгени президент Садыр Жапаров да колдогон.

Количество просмотров: 228