Бүгүн, 10-сентябрда өтүп жаткан футбол боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын беттешинде эсеп ачылды.
Кыргыз курамасынын оюнчусу Жоэл Кожо оюндун 14-мүнөтүндө гол киргизип, эсеп ачылды. Көп өтпөй тагыраагы, 16-мүнөттө өзбек оюнчусу гол жаратып, эсеп теңелди.
Оюн Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп жатат.
5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы Иран менен ойногон. Беттеш Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда болду. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ирандык Мехди Тареми бир гол киргизди. Кийинки бөлүктө бул эсеп өзгөргөн жок. Кыргызстандын курама командасы Иранга жеңилген.
Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.
Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.