• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Голландияда түрмөлөрдү жоюп  жатышат. Себеби өлкөдө кылмышкерлер калган эмес

24 Баш оона 2018 9:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.08.2018. Govori.TV
 Голландияда абакта отурууга киши жок 19 түрмө жабылууга туура келди.
«Telegraaf»  имаратынын карамагында болгон дагы 5 абакты официалдуу документтердин негизинде жабышат.
Мындай чечим 2000 дей кишини жумушсуз калтырат. Алардын ичинен 700 дөй киши гана ар кандай укук коргоо органдардан кызмат табышы мүмкүн. Кылмыштуулуктун санынын туруктуу азайышы менен, түрмөлөрдү жоюу 2004-жылдан бери жогорулап келет.
Бош турган камералар көйгөй жаратып, өткөн жылдын күз айында Норвегиядан 240 камактагыларды алып келип толтурушкан.
Голландияда эмне үчүн кылмыштуулуктун саны аз деп турсаныз, анын бир нече жүйөөлүү себептери бар. Алар кылмышкерди соттоп, камагандын ордуна аны дарылоого аракет көрүшүп, колдоруна электрондук билерик тагып коюп, эркиндикте иштөөгө мүмкүнчүлүк беришет.
2008-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянсак, электрондук системалаштырылган билерик менен кылмыштуулуктун көрсөткүчү 50% га азайган. Кылмышкерлерди алып барып камерага тыгып, аларды салык төлөгөндөрдүн эсебинен багуунун ордуна, мындай ыкма  коомго пайда алып келээри белгилүү болгон.
Мындай ыкма камактагылырдын санын болуп көрбөгөндөй азайтты. Өлкөдө калктын саны 17 млн. болсо анын ичинен 11 600 гана киши түрмөдө отурат.
Түрмөдө отурган кылмышкерлердин санынын көрсөткүчү боюнча Америка эн алдынкы орунда турат. Анткени түрмөдө отуруп чыккандар үчүн атайын  калыбына келтирүү программалардын жоктугу себеп болууда. Кылмышкер түрмөгө отуруп чыккан соң, кайрадан кадимки жашоого кайтып, жакшы кызматта иштей албаган соң, кайра эле кылмыш ишине барышаары белгилүү болгон.
Голландиялыктар түрмөлөрүн толтуруу үчүн чоң өлкөлөрдөн кылмышкерлерди  алып келишет. Бул жагынан алганда биз дагы алардан үлгү алсак жакшы болоор эле.
Количество просмотров: 10