• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Голос. Дети» сынагында Кыргызстандык кыз көрүүчүлөрдү таң калтырды (видео)

9 Жалган куран 2018 23:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.03.18.Govori.TV

Россиянын «Первый канал» телеканалында 7-март күнү  «Голос. Дети» сынагынын бешинчи чыгарылышы болуп өттү. Ал этапта таланттуу өспүрүмдөрдүн алдын ала тандоо турунун кийинки бөлүктөрүнө катыша тургандыгы аныкталып, калыстар алардын айрымдарын тандашкан. Анда Кыргызстандык Вероника Инкико «Голос. Дети» деп аталган музыкалык сынакта көрүүчүлөрдү таң калтырган.

13 жаштагы кыргызстандык кыз британиялык ырчы Дуа Липанын Blow Your Mind (Mwah) чыгармасын аткарып анын өзгөчө чеберчилик менен аткарган ыры калыстар менен көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган эмес.

Ырчы кызга калыстар өзүнүн насаатчысын тандоого уруксат беришип, ал Пелагеяны тандаган.

«Сен көрүп жана байкап турсаң керек, калыстардын үчөө тең атандаштарыңа мындай көңүл бурган эмес. Менимче сен жогорку деңгээлде элдин оозун ачырдың. Биз бул жакта суктанып гана турдук», — деди алып баруучу Дмитрий Нагиев.

Буга чейин Вероника Инкико мындай эл аралык сынактарга көп жолу катышкан. Ал 2016-жылы Кыргызстандын атынын «Новая волна» конкурсунда ат салышкан.

Количество просмотров: 20