Ири жарнама түйүнү эсептелген Google AdSense Орусиядагы ишин токтотту. Бул тууралуу Cnews басылмасы Google компаниясынын расмий катына таянып кабарлады.
Катта жайгашкан өлкөсү катары Орусия көрсөтүлгөн бардык аккаунттар өчүрүлө турганы көрсөтүлгөн. Бул мындай аккаунттар аркылуу монетизациядан киреше алууга болбой калат дегенди билдирет.
CNews белгилегендей, AdSense’тин Орусиядан кетиши – YouTube-блогерлерге гана эмес, башка сайттарга да таасир этет. Эми AdSense аркылуу жарнамалар жайгаштырылып келген Орусиядагы сайттардын ээлери да кирешесиз калышат.