28-майда Грузиянын парламенти «чет элдик агент» мыйзамына президент койгон ветону жойду. Талкуу сегиз сааттай уланып, оппозициялык жана бийликчил депутаттар ортосунда кайрадан кайым айтышуу болду.
Талкуу учурунда трибунада сүйлөп жаткан оппозициячыл депутат Георгий Вашадзеге суу чачып жиберишти. Мындай кадамга барган бийликчил депутат Ирма Заврадашвилиге жооп берген Вашадзе «чет элдик агент» мыйзамын кабыл алууга мажбурлап жаткан депутаттарды «саткындар» деп айыптады.
«Бул суудан мен да, грузин эли да эч нерсе болбойт. Бирдиктүү жана күчтүү Грузия эч качан, кандай гана бай киши болбосун, чөгөлөбөйт», — деди ал.
Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы демилгелеген мыйзам долбоору талкууланып жатканда буга чейин да депутаттар ортосунда чыр чыккан окуялар катталган.