• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Грузиянын кийинки президенти футболчу болушу ыктымал

28 Жетинин айы 202411:33 Бишкек Govori.TV

Грузияда ушул жылдын 14-декабрында президенттик шайлоо өтөрү белгилүү болду. Бул өлкөнүн бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы президенттикке азыркы парламент депутаты, мурдагы футболчу Михаил Кавелашвилини көрсөтө тургандыгын Коммерсант жазды.

Михаил Кавелашвили 53 жашта, 4 баласы бар. Теле алып баруучу, футбол эксперти катары да белгилүү.

Ал 1988-жылдан тарта Грузиянын футболдук командаларында, кийин Швейцариянын командаларында ойногон. 2006-жылы футболдук карьерасын жыйыштырган.

2016-жылы ал «Грузин кыялы» партиясына кошулуп, өлкө парламентине депутат болуп шайланган. Кийин өз алдынча депутаттык топ түзүп анын жетектеп калган.

Кечээ 27-ноябрда «Грузин кыялы» партиясынын лидери Бидзина Иванишвили 14-декабрда өтөт турган президенттик шайлоого Михаил Кавелашвилинин талапкерлигин көрсөтө тургандыгын жарыя кылды.

М. Кавелашвили Россияга ыктаган саясатчы болуп эсептелет.

Количество просмотров: 123