• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Грузия: оппозиция менен бийликтин тиреши уланууда

16 Бештин айы 202411:33 Бишкек Govori.TV

14-декабрда «Грузин кыялы» партиясынын мүчөсү Михаил Кавелашвилини парламенттеги «шайлоочулар коллегиясы» президент кылып тандады.

Ал эми парламенттик шайлоодо 5 пайыздык чектен өткөн бирок мандаттан баш тарткан төрт оппозициялык партиянын өкүлдөрү нааразылык акциялары улана берерин билдиришти.

Грузиянын жаңы президенти, 53 жаштагы Михаил Кавелашвили мурда белгилүү футболчу эле. 2016-жылы «Грузин кыялы» партиясынан парламентке шайланып, үч жолу парламент депутаты болгон.

Грузиянын кызматтагы президенти Саломе Зурабишвили болсо, кайрадан парламенттик шайлоо өтмөйүн кызматтан кетпей турганын айтты.

Ошентип, учурда Грузияда кош бийлик өкүм сүрүүдө.

Количество просмотров: 142