• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Грузияда 26-октябрда парламенттик шайлоо өтөт

28 Баш оона 20249:15 Бишкек Govori.TV

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 26-октябрда парламенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Президенттин жарлыгы менен өлкөдө расмий түрдө шайлоо өнөктүгү башталды. Быйыл Грузиянын 150 депутатынан турган парламенти алгачкы жолу пропорционалдык гана система боюнча тандалат.

Буга чейин «Грузин кыялы» башкаруучу партиясынын шайлоодогу негизги атаандашы мурдагы президент Михаил Саакашвили негиздеген «Бирдиктүү улуттук кыймыл» болору кабарланган.

Грузиянын азыркы президенти Саломе Зурабишвили оппозиция орусиячыл партия деп эсептеген «Грузин кыялынын» аракеттерин сынга алып келет. Быйыл май айында ал парламент кабыл алган «чет элдик агенттер» мыйзамына вето койгон.

Количество просмотров: 69