• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Грузияда башкаруучу партия президент Зурабишвилиге импичмент жараяны башталганын жарыялады

1 Аяк оона 2023 16:58 Бишкек Govori.TV

Грузиянын башкаруучу “Грузин кыялы” партиясы президент Саломе Зурабишвилинин Европага сапарына байланыштуу ага каршы импичмент жараянын баштаганын жарыялады. Сапар өкмөт менен макулдашылган эмес.

Бул тууралуу «Кавказ үнү» радиосу партиянын лидери Ираклий Кобахидзеге шилтеме жасоо менен билдирди.

«Импичментти аягына чыгаруу үчүн 100 парламентарийдин колдоосу керек, андыктан радикалдык оппозициянын добушу болбосо, мунун келечеги жок. Ага карабастан Грузиянын президентине импичмент жарыялоону партиянын саясий кеңешинин жыйынында демилгеледик”, — деди ал.

Анын айтымында, Зурабишвили өлкөнүн Конституциясын одоно бузду. Анткени президент тышкы саясий миссиясын өкмөттүн макулдугу менен гана аткара алат. Грузин өкмөтү буга чейин президенттин Германия, Украина, Швейцария, Польша, Бельгия, Дания, Бириккен Араб Эмираттары, Болгария, Чехия жана Израилге сапарын колдогон эмес.

31-августта Саломе Зурабишвили Берлинде Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолуккан. Бүгүн, 1-сентябрда Брюсселде Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель менен жолугары күтүлүүдө. Грузия президентинин администрациясы Зурабишвили «Евробиримдикке талапкер өлкө деген макамды алууга колдоо издеп», европалык лидерлер менен жолугушууларды баштап жатканын кабарлады.

Количество просмотров: 94