• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Грузияда шайлоочулар коллегиясы президенттикке Михаил Кавелашвилини тандады

15 Бештин айы 202414:39 Бишкек Govori.TV

Грузияда 14-декабрда президенттик шайлоо өттү, ага оппозициянын өкүлдөрү катышуудан баш тарткан.

Добуш берүү күнү жүздөгөн адам кар жааганына, суукка карабай акцияга чыкты. Бул жолу шайлоо жаңы система менен өткөрүлду. Ага ылайык, мамлекет башчысын жалпы шайлоочулар эмес, 300 адамдан турган шайлоочулар коллегиясы тандады. Анын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүн бийликтеги «Грузин кыялы» көрсөткөн. Булардын 225и шайлоого катышып, анын 224ү мурдагы футболчу Михаил Кавелашвилини тандады.

Количество просмотров: 141