• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Грузиянын президенти «чет элдик агент» мыйзамына вето коёрун билдирди

18 Чын куран 2024 9:41 Бишкек Govori.TV

Грузия парламенти 17-апрелде «чет элдик агент» деген аталышка конгон талаштуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Добуш берүү учурунда бир нече оппозициялык партиянын өкүлдөрү залдан чыгып кетип, каршылыгын билдиришти.

Жыйынтыгында добуш берүүгө катышкан 83 депутаттын баары «макул» деп добуш берди.

Ал арада өлкө президенти Саломе Зурабишвили бул мыйзам долбооруна вето коё турганын билдирди. Ошол эле маалда ал парламенттик көпчүлүк аны «жеңип чыгышы мүмкүн экенин» белгиледи. «Менин ветом – бул адамдардын добушу. Бул добуш угулушу керек», – деди президент «Би-Би-Сиге» берген маегинде.

15-апрелде долбоор юридикалык комитетте биринчи окууда каралып, кабыл алынган. Анда каржылоосунун 20 пайыздан ашыгы чет жактан болгон коммерциялык эмес уюмдардын жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) атайын реестрин түзүү каралган. «Чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын алып жүрүүчү уюмдарды аныктоо» максатында иштелип чыкканы айтылып жаткан бул демилге колдоо тапса Юстиция министрлиги бейөкмөт уюмдарды жана ЖМКны каалаган учурда текшере алат.

Количество просмотров: 49