• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Грузиянын президенти Садыр Жапаровго куттуктоо жолдоду

11 Теке 202212:12 Бишкек Govori.TV

 Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Ушул майрамдык күнү биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана тереңдетүү үчүн бир катар маанилүү кадамдарды жасайбыз деген ишенимди билдирем”, — деп айтылат куттуктоодо.

Саломе Зурабишвили Садыр Жапаровго мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, ден соолук жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

Количество просмотров: 237