• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Хабиб менен Гэтжи 24-октябрда беттешет

21 Тогуздун айы 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) чемпиондору орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык спортчу Жастин Гэтжи 24-октябрда беттешет. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланган.

Маалыматка ылайык, беттеш UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабиде көрүүчүлөрсүз жана күйөрмандарсыз өтөт. Турнир ушул жекшемби күнү, 25-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө түз эфирде көрсөтүлөт.

Ал эми титулдук мелдештин алдында боло турган маалымат жыйыны 21-октябрда болот. Анда мушкерлер Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжи өздөрү катышып, суроолорго жооп беришет. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат.

Кошумчалай кетсек, Россиялык мушкер 28 беттеште 28 жолу жеңишке (8 – нокаут менен) жеткен, Гэтжи болсо 24 беттештин 22син жеңген. 

Количество просмотров: 78