• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Хабиб Нурмагомедов менен Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушту

30 Тогуздун айы 2018 6:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.10.2018.Govori.TV
Түркияга болгон иш сапарында президент Сооронбай Жээнбеков UFCнин 229 беттешинин чемпиону  Хабиб Нурмагомедов менен жолугушту. Бул жолугушуу тууралуу Хабиб Нурмагомедовтун атасы Абдулманап Нурмагомедов жеке инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Маалыматта Кыргызстандын президенти Хабиб Нурмагомедовту Конор МакГрегорду жеңип алганы менен кызуу куттуктаганы айтылат.

«Кыргызстан бизди ар дайым жакшы тосуп алган. Сооронбай Шарипович Хабибдин UFC 229 мелдешинде МакГрегорду жеңгени үчүн куттуктады. Баарлашуу аябай пайдалуу жана кызыктуу өттү ”,-деп жазган  чемпиондун атасы.

Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов баласынын тренери болуп эсептелинет. Ал спортчуну ар дайым жандап жүрөт. Россия Федерациясынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу болуп, спорт тармагына барандуу салым кошуп келе жаткан инсандардын бири.
Хабиб Нурмагомедов маектеринде эгер атасы болбогондо спортто азыркыдай ийгилик жарата албасын айтып келет.
Эскерте кетсек UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов ушул жылдын 24-январында кыргызстанга келип, күйөрмандарын сүйүнткөн. Аны Бишкек шаарында 20миңден ашуун адам тосуп алган.
Количество просмотров: 30