5-апрелде Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” эл аралык мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү.
Анда мушкер 60 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдештин бардык баскычтарын ишенимдүү түрдө басып өттү. Ал эми чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу 5:0 эсебинде украиналык спортчуну утту.