• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Хабибдин турниринде мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңилүү ызасын тартты

11 Баш оона 202210:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында өткөн Eagle FC турниринде мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык атаандашы Расул Магомедовго жеңилип калды.

Мушкерлер кеченин башкы беттешинде күч сынашып, беш раунд толугу менен кармашкан. Натыйжада калыстардын чечими менен жеңиш Магомедовго ыйгарылды.

Белгилей кетсек, турнирге бир күн калганда кыргызстандык мушкер салмагын тууралай (65,8 кг) албай калгандыктан, эреже боюнча чемпиондук наамынан ажыратылып, беттешүү мүмкүнчүлүгү сакталган.

Турнир «Бишкек арена» спорттук жайында өттү.

Количество просмотров: 401