• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Хорогдо тургундун өлүмүнө байланыштуу ондогон адам нааразылыкка чыкты

25 Жетинин айы 2021 23:40 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Рошткала районунун жана Хорог шаарынын ондогон тургундары 25-ноябрда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясынын имаратынын алдына нааразылыкка чыгышты. Алар 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү кармап, жоопко тартууну талап кылышты. Нааразы топ маркумдун сөөгүн акимчиликтин имаратына алып келишкен.

«Озоди» радиосу кабарлагандай, бейшемби күнү Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн операциясынын натыйжасында Рошткаланын Шохдар айылынын тургуну Гулбидин Зиёбеков өлтүрүлгөн.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы 25-ноябрда Шохдар айылында Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген айып менен издөөдө жүргөн Зиёбековду кармоо боюнча укук коргоо органдары тарабынан операция жүргүзүлгөнүн тастыктады. Ал Кылмыш кодексинин «Барымтага алуу жана улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыпталган.

«2020-жылдын 1-февралында Зиёбеков жана дагы бир нече адам Рошткала районунун прокурорунун жардамчысын барымтага алып, Анжим жана Баржангал айылдарында сегиз саат бою кыйнап, сабашкан»,- деп маалымдады прокуратура.

Окуянын айрым күбөлөрү Гүлбиддин Зиёбековдун башына ок тийип, Шохдардан Хорогго бараткан жолдо каза болгонун айтышууда.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 46