• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024
Interrogation Room

HRW: Тажикстанда оппозициячылардын 50дөй тууган-туушканы суракка алынды

9 Тогуздун айы 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

Берлинде 28-29-сентябрда болгон нааразылык акцияларынан кийин Тажикстанда оппозициянын чет өлкөдө жашаган 50дөй жакындары кармалып, суракка алынды. Бул тууралуу эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму кабарлады.

«Кармалгандардын айрымдары бир канча убакыттан кийин бошотулду, бирок көпчүлүгү камакта», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

HRW билдирүүсүндө айтылгандай, тажик оппозициясынын өкүлдөрү Берлинде Тажикстандын президентинин кортежине жумуртка ыргыткандан бир күн өткөндөн кийин алардын жакындары – 47 киши суракка алынган.

«Тактап айтканда, кары-картаңдар, балдар да эч кандай негизсиз жана түшүндүрмөсүз эле камакка алынган. Алардын коркутуп-үркүтүүгө, мазактоого жана катаал мамилеге дуушар болгондугу тууралуу маалыматтар бар», — деп белгилешет билдирүүнүн авторлору.

HRW тажик бийлигинин аракеттерин эл аралык милдеттенмелерди одоно бузуу деп атап, Душанбени оппозициячылдардын жакындарын тезинен бошотууга чакырды. Укук коргоочулардын бул билдирүүсүнө өлкө бийлиги кандай жооп кайтарганы белгисиз.

Чет өлкөлөрдө жашаган тажик оппозициясынын өкүлдөрү 29-сентябрда Берлинде нааразылык акциясын өткөрүп, Рахмондун режимине каршы ураандарды кыйкырып, анын автоунаасына жумурткаларды ыргытышкан.

Количество просмотров: 111