• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мен билем, атам кайсы жакта… Алия Назарбаеванын Твиттердеги жанданган баракчасы фейкпи?

18 Үчтүн айы 2022 15:02 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева массалык нааразылык акцияларынан кийин социалдык тармактагы баракчасына 13-январь күнү билдирүү жазган.

Көп өтпөй ал Инстаграм жана Фейсбук баракчаларын өчүрүп салды.

Кийин Teлеграммдагы Qumash каналы Алия Назарбаева Казакстандагы окуялар тууралуу билдирүүсү жарыяланган аккаунтуна Бириккен Араб Эмираттарынан киргенин кабарлаган.

18-январдан тарта Алия Назарбаеванын Твиттердеги баракчасы жанданды. Аталган баракчага 2021-жылдын декабрь айында катталганын көрүүгө болот. Белгилей кетүүчү жагдай, аккаунттун кайсы жерде жүрөт делген функциясы аркылуу Бириккен Араб Эмирлиги белгиленген.

Учурда баракча аркылуу байма-бай билдирүүлөр жарыяланууда.

«Урматтуу достор! Instagram баракчамдын өчүрүлгөнүнө жүрөгүм ооруп жатат. Атамды колдогонуңуздар үчүн дагы бир жолу рахмат айткым келди! #Жаңыаватар», — деп жазылат билирүүдө. Жана ошондой эле ал учурда эжеси Дариганы карап, Алматыда экени маалымдалган.

Буга чейин Назарбаевдин улуу кызы, казак парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Дарига Назарбаева январдын аягына чейин эмгек өргүүсүндө болорун 17-январда Zakon.kz сайты депутаттын басма сөз катчысына шилтеме кылып кабарлаган.. Маалыматка караганда, Назарбаева «коронавирустан кийинки реабилитацияга байланыштуу» акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыккан. 12-январда анын жардамчысы Назарбаева COVID-19 жуктуруп алганын, Алматыда дарыланып жатканын билдирген.

Бул арада интернет колдонуучулар баракча Алия Назарбаевага таандык эместигин белгилеп, фейк болушу мүмкүн деп күмөн санашууда.

Аталган баракчада «Pfizer вакцинасын алдым» деген билдирүү пайда болду.

Андагы сүрөт эски экенин көрүүгө болот. Буга чейин Назарбаева COVID-19га каршы кытай вакцинасын алган. Бул тууралуу маалыматты ал 2021-жылдын 30-мартында Инстаграмдагы баракчасына жазган.

Мындай дал келбестик баракча 100 пайыз ага таандык дегенге каршы келүүдө.

Количество просмотров: 319