• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Назарбаевдин кызы соцтармактагы баракчасы аркылуу Токаевди сынга алды

18 Үчтүн айы 2022 9:39 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаеванын социалдык тармактагы баракчасы кайрадан пайда болуп, билдирүү жазды.

«Урматтуу достор! Instagram баракчамдын өчүрүлгөнүнө жүрөгүм ооруп жатат. Атамды колдогонуңуздар үчүн дагы бир жолу рахмат айткым келди! #Жаңыаватар», — деп жазат ал. Жана ошондой эле ал учурда эжеси Дариганы карап, Алматыда экенин билдирген.

Нарзарбаева андан кийинки өз билдирүүсүндө атасы кайда экенин биле турганын жазган, ал эми экинчи постунда Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев тууралуу жазып, президентти акчаларыбызды тартып алуу аракетин көрүп жатат деп сындаган.

Нет описания.

Нет описания.

Ал арада бир катар колдонуучулар бул баракча фейк деген да пикирлерин жазышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Назарбаевдин кичүү кызы Алиянын социалдык тармактагы баракчалары ачылбай калган. Анын алдында Элбашынын кызы ондогон адамдын өлүмү менен аяктаган башаламандыктарга биринчи жолу комментарий калтырган.

Алия Назарбаева курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул окуялардан сабак алуу керектигин жазган. “Атасына аймактардын жашоочуларынан маалыматтар түшүп жатканын” кошумчалап, Элбашыга “көргөзүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын” билдирген. Анын мындай комментарийинин алдына бир топ колдонуучу терс пикир калтырган.

Количество просмотров: 5028