• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Назарбаевдин кызы акыркы окуяларга байланыштуу билдирүү жазды

13 Үчтүн айы 2022 12:34 Бишкек Govori.TV

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия Назарбаева өлкөдөгү массалык нааразылык акцияларынан кийин социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.

«Өлкөбүздө болгон каргашалуу окуяларга жүрөгүм ооруп турат. Башаламандык учурунда каза болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Баарыбыз үчүн бул катаал сабак тарыхыбыздагы акыркысы болсун. Ал эми атамдын дарегине келип жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирем. Казакстанга тынчтык жана гүлдөп өнүгүү, казак элине бакубатчылык менен ден соолук каалайм»,-деп жазган ал.

Эске салсак, Казакстанда 2-январда Алматы, Актау, Жаңыөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка айланып кеткен. Өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Өкмөт башчы болуп, Алихан Смаилов бекиди. Ага чейинки премьер Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдорго байланыштуу кызматтан алынган.

Количество просмотров: 5624