«Манас» бажысында контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматынын бажы көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий билдирүүсүндө айтылат.
Тактап айтканда, 1200 кг салмактагы «Жасалма бөйрөк» делген бир жолу колдонулуучу шайман «Ф. М.Л.» ЖЧКнын дарегине келген кодуна дал келбей калган. Жыйынтыгында, бажы алымдарынын суммасы эсептелип, бул факты “ЖУИ ЕРП” автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, чогултулган материалдар кийинки өндүрүш үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.