Париж олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бүгүн сүйүктүүсү менен баш кошту. Интернетте тойдун видеосу пайда болду.
”Бүгүн, 24-август мен үчүн Кудай буйруган дагы бир жакшы күндөрдүн бири болду. Жубайлуу болуп, эки дүйнө бактылуу болууга аттандым. Президентибиз айткандай, ысырапкорчулукка жол бербөөгө кошулам. Силерди да ошого чакырам. Үйлөнүү тоюм үй шартында болуп өттү”- деп жазды ал.
Белгилей кетсек, 24-августта Мунарбек Сейитбек уулу сүйүктүүсүнө үйлөнөөрүн, олимпиаданын алдында өмүрлүк жар болчу кызга сөйкө салышканын ата-энеси айткан. Андан көп өтпөй мушкер сүйгөнүнүн колун сураган видео интернетте пайда болгон.