Бүгүн биз Париж Олимпиадасында мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасановдун маегиндеги Мунарбек тууралуу айтканын сунуштайбыз.
«Париж олимпиадасына кыргызстандык мышыктыруучу Мунарбек Сейитбек уулу менен келди. Аларда жалгыз мушкер болгондуктан, чогуу машыгып жаттык. Данияр аке секундант болуп, жардам берсин дептир. Менин өзүмдүн жетекчилигимдин макулдугусуз эч нерсе кыла албайт элем. Башкы машыктыруучу уруксат берди, мен секундант болдум. «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» дегендей биз тараптан эч ким каршы болгон жок. Мен дагы чын дилимден жардам бердим. Анткени, Мунарбекти мен 3 жылдан бери тааныйм. Мелдештерде чогуу эле болуп калабыз.
Эмнегедир башында Мунарбектен тартындым. Себеби машыктыруучусу башка, башка бала, башка өлкөнүн мушкери дегендей. 1-раундда кубалык атаандашын 5:0гө жеңди. «Мунарбек, өзбекче билесиңби?» дедим. «Сүйлөй бериңиз, түшүнөм»-деди. Өзүм билген нерсени чын жүрөгүмдөн айтып берип жаттым»-деди өзбек машыктыруучусу.
«Мен да ичимден Олимпиадада рингге чыгып, секундант болсом экен деп тиленчүмүн. Себеби, биздин курамдын эң жаш машыктыруучусу менмин. Ниетим кыргызстандык мушкер тарабынан аткарылганына шүгүр дедим. Эртеси эле интернетке кирсем, миңдеген каттар келиптир. Кыргызстандыктар жазып, ыраазычылыгын билдиришти. Кыргызстанда Мунарбек тарых жаратыптыр. Ага салым кошконума сүйүндүм. Мен жарым финалга чыгышын аябай күттүм. Жарым финалда утуп, финалга чыкканда жеңилдей түштүм. Кудайга шүгүр, эң начары коло медалга илинди деп ичимден сүйүндүм. Мындай учурда көп спортчулар «болду, медалга илиндим» деп өзүн таштап салат. Мен Мунарбекти чакырып, дагы аракет кылып коюшу керек экенин, тарых жаратарын айтып, дем берүүгө аракет кылдым. Финалда Өзбек мушкери менен беттешерин билгенде, мага кайра каттар келе баштады. «Сиз секунданттык кыласызбы?» дешти. Мен жообун так билип турдум, бирок 3 күн жооп берген жокмун. Өзбекстандан чапан, баш кийим алдырып, түшүндүрүп, видео тарттык» деди Акмаль Хасанов.