• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ibilim.kg сайтын ишке киргизүү үчүн 190 миң доллар коротулган. Портал иштеген жок

29 Тогуздун айы 2018 10:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
ibilim.kg сайтын ишке киргиүү үчүн 190 миң доллар коротулду. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, порталда математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили, көркөм искусство, музыка жана табият таануу боюнча маалыматтар сакталган. Бирок сайт учурда иштебей жатат деп 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.
Министрликтен аталган сайт сентябрдан тарта иштейт деп убада кылышкан. Учурда мультимедиялык ресурстарда техникалык кыйынчылыктар жаралып, бир жума аралыгында маселе чечилет деп билдиришти.
 Эске салсак, долбоор Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашкан. Эл аралык каржы институту тендер өткөрүп, аталган порталды түзүү үчүн 190 миң доллар короткон компанияны тандап алган.

Булак: 24.kg маалымат агенттиги

Количество просмотров: 19