• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду

2 Бештин айы 202517:13 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду. Бул туралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, инвестициялык макулдашуу министрлер кабинети, Sonningdale Limited жана «РЭЦА» ЖЧКсынын ортосунда түзүлдү. Иш-чара энергетика министри Таалайбек Ибраев, инвестордун өкүлдөрүнүн жана «РЭЦА» компаниясынын жетекчилигинин катышуусунда өттү.

Кошумча макулдашууга кол коюу Ысык-Көл районунда күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп саналат.

Документ — баштапкы инвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун, анын ичинде тараптардын жоопкерчилигинин шарттарын, туруктуулуктун кепилдиктерин, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жөнгө салуу тартибин жана колдонуудагы укукту өзгөртүүнү тактоого жана өркүндөтүүгө багытталган.

Количество просмотров: 112