Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Ибрагим Жунусов Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Жунусов Өзбекстанга элчи болуп 2018-жылдын декабрь айында дайындалган.