• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалат

12 Жетинин айы 2018 9:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалат. Анын талапкерлигин ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 13-ноябрда карайт. Бул тууралуу “Калыс Медиа” жазып чыкты.
Ибрагим Жунусов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 2014-жылдын 17-сентябрынан тарта Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
Мыйзамга ылайык, элчилер 3+1 жыл мөөнөтү менен дайындалат. Дипломат 3 жыл кызматта болот, жакшы иши менен өзгөчөлөнсө, мөөнөтү дагы бир жылга узартылат.
Ибрагим Жунусов азыр 57 жашта. 2007-жылы “Ак жол” партиясынан депутат шайланган. Эки жыл бою Маданият жана туризм министрлигин жетектеген. КРнын Эл артисти, 200дөй ырдын автору.
Булак: “Калыс Медиа”
Количество просмотров: 42