Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Ибрагим Жунусов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.
Кошумчалай кетсек, Ибрагим Жунусов буга чейин Түркияда элчилик кызматты аракалап турган.