• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ички авиарейстер жана аймактар аралык коомдук транспорт качан иштей баштайт?

3 Кулжа 2020 11:50 Бишкек Govori.TV

5-июндан тарта ички авиарейстер жана аймактар аралык коомдук транспорт иштей баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды.  

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары текшерүүнүн алгоритмин так аткарууга жана талап кылынган санитардык чаралардын сакталышын көзөмөлдөөгө даяр болушу керектигин белгиледи. 

«Коомдук транспорттордо жана бардык жүргүнчүлөрдүн санитардык коопсуздук эрежелердин так сакташын катуу көзөмөлгө алынышы керек. Конууда сөзсүз түрдө беткап тагынышсын жана дене табы өлчөнсүн. Автобус жана маршруттук такси менен ташууну уюштуруу коопсуз болушу шарт. Биз бардыгы санитардык нормаларды сактоо менен бара жатканына ишенимдүү болушубуз керек», — деген Кубатбек Боронов, Транспорт жана жолдор министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берди. 

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр Бишкекте инфекциянын жугуу коркунучу жогору болуп турганын айтып,  олуттуу жагдайлар болбосо борборго баруу сунушталбагандыгын белгиледи.

Бишкектеги соода-сатык жайлары, соода борборлору, дүкөндөр, кафелер жана коомдук транспорттор сыяктуу коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактабагандыгы боюнча сындар айтылды, бул шаардагы эпидемиологиялык абалды начарлатары белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жайкы туристтик сезондун башталышынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 

Ал пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн жетекчилерине айтылган санитардык эрежелерди көзөмөлдөөгө катуу талаптар коюлганын белгиледи. 


 25-июндан тарта балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлери иштей баштайт. 

Количество просмотров: 122