• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Ички иштер министринин орун басары Атамбаевдин үйүнө эмнеге барды?

22 Теке 201917:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы “Элдик штабына”  Ички иштер министринин орун басары  Мирлан Каниметов суракка чакырылышынын себебин түшүндүрүү үчүн барды. Ал эми Мирлан Каниметов менен КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева чыгып сүйлөштү.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Атамбаевге  3 жолу тергөөгө чакыруу кагазы жөнөтүлгөнүн жана алардын колунда Жогорку Кеңештин экс-президент макамынан ажыраткан чечими бар экенин айтты.

Ал эми Кундуз Жолдубаева аны ырастап, бирок Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча Конститутциялык палатага кайрылышканын жана анын чечими чыкмайын, Атамбаев эч кандай суракка барбастыгын билдирди.

https://static.bulbul.kg/mp4/4/63134.29679465b8728d23f5a679f32fa831e9.360.mp4

Количество просмотров: 54