• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сөз эркиндигине болгон кысым. IFEX эл аралык уюму Жогорку Кеңешке кайрылды

14 Жалган куран 2018 13:27 Бишкек Govori.TV

Сөз эркиндигин коргоо боюнча IFEX эл аралык ассоциациясы Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик курулуш, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетине, ошондой эле социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетине кайрылды.

«Кыргызстанда болуп жаткан  сөз эркиндигине болгон кысым, журналисттерге миллиондогон сом айып салуу жана чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу биздин уюмду тынчсыздандырат. Миллиондогон акча каражатын аз убакыттын ичинде таап берүүсүн талап кылуу, бул жерде саясий кызыкчылык бар экендигинен кабар берет жана бийликти сындаган журналисттердин оозун жабуу аракети катары бааласа болот»,- деп жазылат кайрылууда.

IFEX эл аралык ассоциациясы  «Zanoza» сайтына жана анын негиздөөчүлөрүнө салынган 27 млн сомду, Чолпон Жакупованы чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынгандыгын, Эльнура Алкановага «коммерциялык сырды ачыктаган» деген айып тагылгандыгы, «Сентябрь» телеканалынын, «Фергана» сайтынын жабылышын мисал келтирген.

Кыргызстан аймактагы авторитардык өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндигин баалаган мамлекет катары саналчу. Бирок акыркы окуялар бул жакшы атты жокко чыгаруу коркунучун алып келүүдө. Ошондуктан кыргыз бийлигине мындай ыкмалардан баш тартып, «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги» тууралуу мыйзамга жана «Жарандык кодекске» өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз,- деп жазылат кайрылууда.

 

Количество просмотров: 21