Министрлер кабинети ишкана-фирмалардын аталышында колдонууга тыюу салынган диний маанидеги сөздөрдүн тизмесин бекитти.
Тизмеге жалпысынан 120дай сөз, арасында бир катар диний сөздөр, терминдер кирди.
Мисалы, эми «Абу Ханифа», «вакф», «жихад», «ихлас», «ихсан», «махр», «мубарак», «муслим», «сажда» жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү ишкана-фирмалардын аталышында колдонууга болбойт.
Исламдан башка диндерге тиешелүү терминдер жана сөздөр да жогорудагы тизмеге кирген.