• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Ихсан» кооперативинен жабыркагандар соттун алдына чогулду

13 Теке 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июлда «Ихсан групп ЛТД» кооперативинен жабыркагандар Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдына чогулду. Бул тууралуу Next TVнын Фейсбук баракчасында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Чогулгандардын айтымында, бүгүн «Ихсан» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Б.А.нын баш коргоо чарасы тандалат.

Ал эми Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы азырынча сотко тийиштүү материалдар келип түшө электигин билдирди.

Эске салсак, 12-июлда «Ихсан» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Б.А. кармалды. Кооперативдин жетекчилиги тарабынан кардарларга төлөнбөй калган сумма 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн. Ички иштер министрлиги «Ихсан групп ЛТД» кооперативинин мүлкү, банк эсептери камакка алынганын, башкармалыктын кызмат адамдары жана негиздөөчүлөрү тергелип жатканын билдирген эле.

Количество просмотров: 1000