• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Ихсандын» жетекчиси 2 айга камалды

14 Теке 20229:42 Бишкек Govori.TV

«Ихсан групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы 2 айга камалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүү Б.А. аттуу жаранга карата эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, «Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Кооперативдин жетекчилиги тарабынан кардарларга төлөнбөй калган сумма 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн. Ички иштер министрлиги «Ихсан групп ЛТД» кооперативинин мүлкү, банк эсептери камакка алынганын, башкармалыктын кызмат адамдары жана негиздөөчүлөрү тергелип жатканын билдирген.

Количество просмотров: 118