Бишкек 02.09.18 Govori.
ДКОнун салтанаттуу ачылыш аземи аяктады. Бул ири масштабтуу оюнду дүйнөнүн 60 тан ашуун өлкөсүнөн келген журналисттер чагылдырып жатышат.
Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк аренадагы сыймыктанчу ири долбоорун өткөрүү 2012-жылы сунушталган. 2014-жылы биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлгөн.
Ал эми экинчи оюн 2016-жылы 60 мамлекттин спортчуларынын катышуусунда болуп өткөн. Үчүнчү көчмөндөр оюндары болсо 70 мамлекттен 1800дөн ашуун спортчунун катышуусунда өтүп жатат.
Бул оюндун негизги максаты болуп көчмөн цивлизациясын жандантып сактоо менен муундан-муунга өткөрүп берүү болуп саналат. «Күч биримдиги — Рух билимдиги».