• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттер сатылат, бекер премьер-министр өзү да кире албайт

1 Баш оона 2018 22:42 Бишкек Govori.TV

 Бишкек.01.08.2018.Govori.TV.

Көчмөндөр оюндарына билеттери сатылат, акысыз түрдө билеттерди таркатуу пландаштырылган эмес. Бул тууралуу бүгүн III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешмеде белгилүү болду, деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов уюштуруу маселелери, объекттердин курулушу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттер бардыгы үчүн бирдей шарттарда сатылат. Билеттерди сатуу гана жүргүзүлөт, жарандардын белгилүү бир категориялары же чиновниктер үчүн акысыз » таркатуу пландалган жок. Бул калыс мамиле, себеби демөөрчүлүк жардам иретинде каражаттарды бөлгөн чарбалык субъектилер мелдештерди уюштурууда бир кыйла салым кошушкан.

Кубатбек Боронов айрыкча белгилегендей, билеттерди сатуудан түшкөн каражаттар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду колдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүгө жумшалат.

ДКО катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов оюндарга билеттерди сатуу жагдайы тууралуу билдирди.

«Бүгүнкү күнү билеттер үч шаарда: Бишкек, Ош жана Чолпон-Атада сатылууда. Ошондой эле каалоочулар билет сатып алууга мүмкүн болгон расмий мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Учурда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарына үч миңге жакын билет сатылды», – деп маалымдады ал.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын 2нен 8-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттердин баасы 400дөн 4 миң 900 сомго чейин турат.

Количество просмотров: 36