• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ: Атамбаев суракка келиши керек

27 Теке 2019 19:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө жооп бере албайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова билдирди.

«Алмазбек Шаршенович суракка келиши керек. Тергөө кызматы буга чейин Атамбаев жеке өзү суракка келиши керектигин бир нече жолу түшүндүргөн»,-деди К. Аманкулова.

Эске салсак, Атамбаевдин өкүлү, адвокат Сергей Слесарев билдирүү таратып, мурдагы президенттин ИИМге суракка барууга ниети жок экенин айткан. Анда Атамбаев Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулганы боюнча тергөөнүн суроолоруна маалымат каражаттары аркылуу ачык жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Количество просмотров: 18