• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

ИИМ Бакиев Кыргызстанга келгени тууралуу кабарды төгүндөдү

4 Үчтүн айы 202518:09 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев Кыргызстанга келди” деген маалыматты төгүндөп, ал жалган кабар экенин билдирди.

Мунун алдында социалдык түйүндөрдө “Бакиевдер Кыргызстанга келди” деген пост жарыяланган. Ага Жаныш Бакиевге окшош киши менен дагы бир адамдын түшкөн сүрөттөрү кошо тиркелген.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттиктен 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Количество просмотров: 337