Ички иштер министрлиги экстремизм үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга жарыяланды.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, долбоор төмөнкүлөргө багытталган:
Белгиленгендей, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүк менен байланышкан коркунучтардын динамикасы глобалдык жана аймактык көйгөйлөрдүн көбөйгөнүн айгинелейт.
«Акыркы убакта дүйнөнүн бир катар региондорунда кырдаалдын туруксуздугуна байланыштуу экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана мамлекеттердин жана алардын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч келтирген деструктивдүү максаттарды көздөгөн айрым радикалдык топтордун жана уюмдардын ишмердүүлүгү активдешип жатканы байкарууда», — деп жазылат документте.
Долбоорго ылайык, экстремисттик материалдарды даярдоо, ташуу, жеткирүү же аларды таратуу максатында алуу, сактоо аракети үчун 5-7 жылга эркиндигинен ажыратылат. Ушундай эле жаза экстремисттик уюмдардын эн белгилерин колдонуу, ЖМК же Интернет аркылуу тараткан адамдарга да колдонулат.
Эгер бул иштер адамдар тобу тарабынан, алдын ала сүйлөшүлүп, чет өлкөлүк уюмдар, жарандардын финансылык же башка материалдык жардамдарын пайдалануу аркылуу жүргүзүлсө 7-10 жылга чейин кесилет. Ушундай эле жаза кызмат абалынан пайдаланып, коомдук иш-чараларда экстремисттик кылмыш кылган жарандарга да чектелет.
ЖМК же Интернет аркылуу экстремизмге чакыруу 3-5 жылга, бийликти күч менен басып алууга же кармап турууга чакыруу 3-5 жылга, адамдардын тобу тарабынан жасалган аракеттер үчүн 3-5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Азыркы мыйзамдарда бул аракеттер үчүн 20 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул төлөө жазасы каралган.