ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 2-сентябрь күнү Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлду.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган. Тергөө иштери улантылууда.