ИИМдин тергөө кызматы президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, маркум Медет Садыркуловдун
өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-ноябрь күнү ИИМдин кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары С. Сапарбековду кармаган. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
«2021-жылдын 27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө соту тарабынан шектүү С. Сапарбековго карата 2022-жылдын 26-январына чейин эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулду»,-деп айтылат маалыматта.