Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Айжан Садыркулова дайындалды. Ал аудиторлук мөөнөтү аяктаганга чейин мекеменин жетекчиси милдетин аткарат.
Тийиштүү буйрукка 3-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон.
Айжан Садыркулова Курманбек Бакиев президент болуп турганда Президенттик администрациянын башчысы болгон маркум Медет Садыркуловдун кызы. Ал 1979-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу: 2001-2004-ж.ж. – “Партнер” юридикалык фирмасы, адвокаттын жардамчысы2004-2016-ж.ж. – КР Улуттук банкы, юрист, юридикалык бөлүмдүн башчысы, юридикалык башкармалыктын начальниги, башкармалыктын мүчөсү 2016-жылдан ушул убакка чейин – КР Эсептөө палатасында аудитор кызматты аркалап келген.