• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча соттук иш башталды

7 Бирдин айы 2022 17:18 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда 7-февралда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековдун соттук иши башталды. Бул тууралуу саясатчынын жубайы Айнагүл Садыркулова социалдык баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, ишти Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бакыт Касымалиев карап жатат.

«Бүгүн менин жолдошум, үч кыздын атасы, алты неберенин чоң атасы Садыркулов Медет Чакановичтин өлүмүнө себепкер болгон Санжар Сапарбековдун соту башталат. Соттук отурум канчага созуларын билбейм, эң негизгиси сот адилеттүү жана калыс болсун», — деп жазган ал.

Эске салсак, шектүү Санжар Сапарбеков өткөн жылдын ноябрь айында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган. Айрым маалыматтарга караганда, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон.


Количество просмотров: 323