• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ИИМ Мегакомдун директорунун жазган арызын текшерет

17 Бугу 2019 17:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.05.2019.Govori.TV.

ИИМ И. Рысалиевдин коркутканына байланыштуу “Мегаком” компаниясынын директору А. Жамангуловдун жазган арызын текшерет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен кабарлагандай, эгерде коркутуунун чындап катталганы далилденсе анда буга байланыштуу тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ал эми бүгүн комиссиянын биринчи отуруму өтүп, Өкмөт башчысы М. Абылгазиевдин бажасы И. Рысалиевдин “Мегаком” компаниясынын директоруна карата коркутуу чарасы жүрүп жатканы айтылган.

Белгилей кетсек, «КТ Мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү маянасы тууралуу ишти иликтөө үчүн атайы депутаттык комиссия түзүлгөн.


Количество просмотров: 12